Колл - борбор: 105, 1209

Жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы жыл башынан бери 6 193 даана изолятор алмаштырып бүттү

14 Июнь 2024 ж.

 Жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы жыл башынан бери 6 193 даана изолятор алмаштырып бүттү
 
"Кыргызстан УЭТ" ААКтын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 2024- жылга мерчемделген капиталдык жана утурумдук оңдоо иштеринин негизинде сынган жана эскилиги жеткен 13 068 даана изолятор алмаштырууну пландаган.
 
Чыңалуусу 500 кВ Токтогул ГЭС - Датка аба чубалгысында 2024- жылдын жаз айларынан тартып азыркы учурга чейин 6 193 даана изолятор алмаштырды. Дагы алдыда 6 875 даана изоляторду күз айларына чейин алмаштырат.
 
 Аталган аба чубалгы 1974 - жылы толук курулуп, пайдаланууга берилген. Аба чубалгынын узундугу 80 чакырымды түзүп, 252 мамычадан турат.
 
Чыңалуусу 500 кВ Токтогул ГЭС - Датка аба чубалгысы Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй облустарын жана коңшу Өзбекстан Республикасын электр энергиясы менен камсыз кылат.
 
 Үстүбүздөгү жылы 53 чакырым аба чубалгы капиталдык, 564, 7 чакырым аба чубалгы утурумдук ондоолордон, 120 метр аралык суу ташкынынан мамычаларды коргоо каралган.
 
Оңдоп-түзөө жумуштарын Жалал-Абад ЭТИнин жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматынын 6 бөлүмү аткарат.