"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 2025- жылдын ичинде 130 000 акылдуу (АИСКУЭ) эсептегич орнотулат. Азыркы мезгилде 8000 даана Жалал-Абад ЭТИнин кампасына келип түшүп, Сузак, Базар -Коргон райондорунун жана Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарларынын жашоочуларынын санына ылайык бөлүштүрүлүүдө.
Учурда жогоруда аталган район - шаарларда энергетиктер акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен, керектөөчүлөрдүн эсептегичтерди иштетүүсү боюнча түшүндүрүү иш- чаралары жолго коюлган.Мисалга алсак, 5 кВт электр энергиясынын баарын бир убакта сарптаганда жарык өчүүсү, жандыруу кандай жүрөт, булардын баарын эсептегичтерди орнотуу учурунда кызматкерлер иштетүү жолдорун түшүндүрүп беришүүдө.
Алсак, быйылкы жылы Базар -Коргон району боюнча 31 000 акылдуу эсептегич орнотулат.Учурда энергетиктер райондун Колот айылынан баштап, 360 даана эсептегич орнотту. Ар бир электр эпкери күнүнө 10 даанадан эсептегич алмаштырууда.
Эске салсак, өткөн жылы Жалал-Абад шаары пилоттук программа катары ишке ашкан.Анда 25 277 даана орнотулган. Мындай пландуу иш алып баруу электр энергиясын үнөмдөө менен бирге электр жабдуулардын иштен чыгышынан сактайт жана керектөөчүлөргө сапаттуу электр энергиясын жеткирет. Жалал-Абад электр тармактар ишканасы ишенимдүү жеткирүүчү!