ЖЭТИнин 2023- жылдын иш мерчеминде Жалал-Абад шаарынын Дача- Рассвет конушуна 250 кВА жаңы трансформатор орнотулду.

4 Декабрь 2023 ж.

Буга чейин Дача кичи шаарчасынын Дача- Рассвет жаңы конушунда керектөөчүлөрдүн саны көбөйүп кеткендиктен электр энергиясын жеткирүүдө  мүчүлүштүктөр жаралып келген

Мында  150 дөн ашуун керектөөчүнүн жарымы  жаңы трансформаторго туташты. Абоненттер энергетика тармагындагы жаңылануулар, өсүүлөргө кубанышат.Алар учурдагы кырдаалды эске алып, электр жарыгын үнөөмдөөнү колго алган.

Айта кетсек, Жалал-Абад район электр тармактар ишканасына  “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКдан  капиталдык курулушка ЖЭТИге  бөлүнгөн трансфорсматордон 5 даана каралган.Алардын  баары Жалал-Абад шаарындагы керектөөчүлөрдүн саны өскөн көчөлөргө, участокторго коюлган.

Жалал-Абад район электр тармактар ишканасында 60 кызматкер эмгектенет.Алар  Жалал-Абад шаарынын 32миңден  ашуун керектөөчүлөрүн тейлейт. Шаар боюнча 975 трансформатор болсо ,анын 353ү аталган ишкананын балансында. Кызматкерлер күн-түн дебей абоненттерди электр энергиясы менен  камсыздап келет.