Колл - борбор: 105,

Жаңы дайындоо

22 Сентябрь 2026 ж.

Жаңы дайындоо: Жалал-Абад электр тармактар ишканасына жаңы директор дайындалды
 
Бүгүн, 2026-жылдын 22-сентябрында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп Жумаев Канатбек Сатыбалдиевич дайындалды.
Жаңы жетекчини ишкана жамаатына «КУЭТ» ААКнын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу тааныштырды.
Канатбек Жумаев 2003-жылы Ош технологиялык университетин «Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу» адистиги боюнча аяктап, инженер-электрик квалификациясына ээ болгон.
 
Энергетика тармагындагы эмгек жолун 1999-жылы баштаган. 25 жылдан ашуун убакыттан бери электр энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенип, электромонтёр, контролёр, инженер, инспектор, мастер жана бир катар райондук электр тармактары ишканаларынын начальниги сыяктуу кызматтарды аркалаган.
Акыркы жылдары Ноокен жана Базар-Коргон райондук электр тармактары ишканаларын жетектеп, электр энергиясын бөлүштүрүү, керектөөчүлөрдү камсыздоо жана электр тармактарынын ишин уюштуруу багытында мол тажрыйба топтогон.
Кесиптик ишмердиги жана энергетика тармагына кошкон салымы үчүн К. Жумаев «Жалалабатэлектро» ААКтын, «КУЭТ» ААКтын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Энергонадзордун жана Ноокен райондук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
 
Белгилей кетсек, Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 2023-жылдан тартып эмгектенип келген Сүйүнбек Турсуналиевич Усенов өз каалоосу менен башка ишке которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
С. Усеновдун жетекчилик кызматта иштеген мезгилинде энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана ишкананын алдына коюлган зор максаттарды аткарууга кошкон эмгеги бааланат.
 
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жамааты С. Усеновго мындан аркы эмгек жолунда ийгиликтерди каалап, ал эми жаңы жетекчи К. Жумаевге жооптуу кызматында ийгилик жана үзүрлүү ишмердүүлүк каалайт.