Энергетика министрлигинин тармакты ирилештирүү, натыйжасыз түзүмдөрдү оптималдаштыруу жана сапаттуу иш жүргүзүү планына ылайык, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасына караштуу Базар-Коргон шаарындагы темир-бетон буюмдарын чыгаруучу цехте 2026-жылга карата 2400 даана мамыча өндүрүү жана 200гө жакын трансформаторлор үчүн койгучтарды даярдоо мерчемделди.Ал эми өткөн жылы 2000 даана мамыча даярдалган.
Даярдалган темир-бетон мамычалар район электр тармактарынын муктаждыгына жараша бөлүштүрүлүп, биринчи кезекте эскилиги жеткен жыгач мамычаларды алмаштырууга багытталат. Бул иштер электр менен камсыздоонун туруктуулугун жана сапатын жогорулатууга шарт түзөт.
2026-жылга карата мамычалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: – Аксы РЭС — 386 даана;
– Ала-Бука РЭС — 350 даана;
– Базар-Коргон РЭС — 320 даана;
– Манас РЭС — 27 даана;
– Кара-Куль РЭС — 44 даана;
– Көк-Арт РЭС — 268 даана;
– Майлуу-Суу РЭС — 44 даана;
– Ноокен РЭС — 467 даана;
– Сузак РЭС — 487 даана;
– Таш-Көмүр РЭС — 50 даана;
– Токтогул РЭС — 142 даана;
– Чаткал РЭС — 93 даана.
Продукциянын ишкананын өзүндө өндүрүлүшү анын өздүк наркын төмөндөтүп, сапатын камсыздоого мүмкүндүк берет. Бул оңдоп-түзөө иштерине кеткен чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт.
Эске салсак, цех 2000-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Алгач өндүрүш көлөмү жылына 500–600 даана менен чектелип, негизги иштер кол эмгегине таянган.
Аталган жумуштар 2026- жылдын март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.
Жумуш жүрүп жаткан аймактарда убактылуу пландуу өчүрүүлөр орун алат.