Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абадда жаңы 110/35кВ “Көк-Арт” көмөк чордону курулуп, пайдаланууга берилди

18 Июнь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун, Сузак районуна караштуу Таран-Базар айылында жогорку чыңалуудагы жаңы курулган “Көк-Арт” көмөк чордонунун ачылыш аземине катышты.
Бул көмөк чордон Улуу жибек жолунун Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна зарыл болгон электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулду.
Курулуш жумушу үстүбүздөгү жылдын апрель айынан башталып,Кытай темир жол компаниясы ишке ашырды.
Жаңы курулган 110/35кВ “Көк-Арт” көмөк чордондон 35 кВ эки линия чыгат. Алар 35кВ Калмак-Кырчын аба чубалгысынын узундугу 11 чакырым, Сары-Кыр 35кВ аба чубалгысынын узундугу 35 чакырымды түзүп,Казарман аба чубалгысына туташат.
Бул долбоор “Кыргызстан УЭТ” ААКсы жана Кытай-Кыргызстан темир жол куруучу компаниянын ортосундагы келишиминин негизинде, темир жол куруу үчүн аталган көмөк чордонго Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан керектүү кубаттуулук берилип, мөөнөтүнөн эрте бүткөрүлүп, ишке берилди.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Текебаев, энергетика министри Т.Ибраев, Кыргызстан-Кытай темир жолун куруучу компаниянын өкүлдөрү, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын башкы директорунун орун басары И.Сыдыгалиев,райондун акими, Жалал-Абад ЭТИнин директору, тиешелүү адистер, кызмат, РЭТ башчылары жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Аземдин катышуучулары КРнын Президенти С.Н.Жапаровго жана энергетика министри Т.О.Ибраевге ыраазычылыгын билдирип, аксакалдар батасын берди. Эгерде бул темир жол бүтүп, ишке берилсе Кыргызстандын экономикасына, анын ичинде жергиликтүүлөрдүн социалдык абалына оң таасирин берет дешет катышуучулар.