Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абадда 660 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы оңдоп- түзөөдөн өтөт

10 Февраль 2025 ж.

Быйылкы жылы “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 35- 500 кВ 660 чакырым аба чубалгы оңдоп- түзөөдөн өтүп, 12 854 даана изолятор алмашат.
 
Ал эми 32,2 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгыда капиталдык оңдоо иштери аткарылат. Анын ичинде 335 даана изолятор алмаштырылат.
 
Ошондой эле аба чубалгылардын авариялык өчүүлөрүн алдын алуу иш- чараларынын алкагында чыңалуусу 35 кВ жогорку аба чубалгыларга канатуулардан коргоочу 1372 даана орнотмолорду (защитный колпак) коюу пландалган.
 
Суу ташкынын алдын алуу иш чаралары боюнча чыңалуусу 35 кВ Караван -Жаны -Жол аба чубалгысында № 154 - тирөөчтү суу ташкынынан коргоо иштери аткарылат.
 
Мындай жумуштар Жалал-Абад электр тармактар ишканасында мониторинг жүргүзүүнүн (кыдырып, анализдөөнүн) негизинде пландалат.
 
Ар бир жасалып жаткан жумуштар керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоону көздөйт.