«КУЭТ» ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасы жыл сайын керектөөчүлөрдүн көбөйүп жатканын эске алып, электр энергиясынын таңкыстыгын жоюп, көмөк чордондорунда күч трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу, кошумча жаңы орнотуу иштерин жүргүзөт
Алсак, Жалал-Абад 110/35/6-10 кВ көмөк чордонунан чыккан 10 кВ Сузак аба чубалгысына кошумча 250 кВА трансформатордук көмөк чордон орнотулат. Бул аба чубалгыдан Жалал-Абад шаарындагы Дмитровка айылы жана Байзаков проспекти, А.Чонотаев, Ж.Усенов, Э.Осмонов, А.Камбаров жана Проектируемая көчөлөрү электр энергия алат.
Мында жалпы 1 500дөн ашуун керектөөчү бар. Буга чейин керектөөчүлөрдүн саны өсүп кеткендигине байланыштуу электр энергиясына болгон муктаждык өскөн. Бул трансформаторду орнотуу менен керектөөчүлөрдүн көйгөйү жоюлат. Жумуш Жалал-Абад РЭТ тарабынан аткарылат.
Жалал-Абад район электр тармактарынын балансында 360 даана трансформатор болсо, алардын 203 даанасы техникалык тейлөөдөн, 26сы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт жана 4 даана кошумча трансформатор коюлат.
Мындан сырткары реконструкциянын алкагында 0,4 кВ аба чубалгынын 38,05 чакырымы келбеттелет, 19 чакырым 10 кВ СИП зымдары тартылып, авариялык абалдагы 460 даана жыгач мамычалар жаңы темир бетон мамычага алмашат. Ошондой эле 321 чакырым 0,4 кВ, 219 чакырым 6-10 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өтөт.
Жабдууларды жаңылоо күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында пландалган, бул электр энергиясына болуп жаткан жүктү азайтып, керектөөчүлөрдү камсыздоонун сапатын жакшыртат.