️ “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Жалал-Абад РЭТинин кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын Гулистан, Чолок-Терек, Ынтымак айылдарында жана Курманбек кичи шаарчасынын кээ бир көчөлөрүндө эскирген электр зымдарын алмаштырат.
Курманбек кичи шаарчасында 3 чакырым 10кВ жана 6,2 чакырым 0,4кВ;
Ынтымак айылында 6,2 чакырым 10кВ, 12,5 чакырым 04кВ;
Чолок-Терек айылында 6,14 чакырым 10кВ, 14,08 чакырым 04кВ;
Кыргызстан айылында 2,26 чакырым 10кВ, 13,18 чакырым 0,4кВ;
Гулистан айылында 1,4 чакырым 10кВ, 4,59 чакырым 0,4кВ СИП аба чубалгысы тартылат.
️ СИП зымдарына өтүүнүн эң башкы себеби ал катаал аба ырайына туруштук берип, бак дарактардын кесепетинен орун алуучу авариялык өчүүлөрдү толугу менен жоёт.
️ Жогоруда аталган айылдарда реконструкциянын алкагында 38,05 чакырым 0,4 кВ, 19 чакырым 10 кВ СИП зымдары тартылып, авариялык абалдагы 460 даана жыгач мамычалар жаңы темир бетон мамычага алмашат. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында 321 чакырым 0,4 кВ, 219 чакырым 6-10 кВ аба чубалгы техникалык кароодон өтөт.
️ Мындан сырткары Жалал-Абад район электр тармактарынын карамагында 352 даана трансформатор болсо, анын 2025 - жылдагы иш мерчеминин негизинде 22 даана трансформатор капиталдык оңдооодон өтүп,158 даана трансформатор техникалык кароодон өткөрүлөт.
️ Жогорудагы иштердин бардыгы берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатууга жана күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга мүмкүндүк берет. Оңдоп - түзөө жумуштары үстүбүздөгү жылдын март айынан тартып, ноябрь айына айына чейин жүргүзүлөт. Эске алсак, Жалал-Абад шаарында 38 645 керектөөчү бар.