Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын бардык РЭТтеринде күз-кыш мезгилине карата даярдык кызуу жүрүүдө. Реконструкция жумуштарынын алкагында заманбап СИП-2 зымдары тартылууда.
Жалал-Абад район электр тармактарында 2024-жылга 6, 5 чакырым СИП-2 аба чубалгысын куруу мерчемделген. Бүгүнкү күндө анын 3 чакырымын орнотуп бүтүштү. Жалал-Абад шаарынын ичиндеги эскилиги жеткен, жарамдуулук мөөнөтүн өтөп бүткөн аба чубалгылары алмаштырылды. Мындан тышкары алдыда 3,5 чакырым аба чубалгылар алмаштырылат.
-СИП зымдардын өзгөчө артыкчылыгы табигый факторлорго дуушар болбойт.
-Катуу шамал болгондо зымдардын кыска туташууларына жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. -Изоляцияланган зымдар кардын жабышып калышына жол бербейт.
Мындай жумуштар Жалал-Абад ЭТИнин бардык РЭТтеринде кызуу жүрүүдө.