Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад район электр тармагы 6,5 чакырым СИП-2 зымдарын орнотот

29 Июль 2024 ж.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын бардык  РЭТтеринде күз-кыш  мезгилине карата  даярдык кызуу жүрүүдө.  Реконструкция жумуштарынын алкагында заманбап СИП-2 зымдары тартылууда.  
  
Жалал-Абад район электр тармактарында 2024-жылга  6, 5 чакырым СИП-2 аба чубалгысын куруу мерчемделген. Бүгүнкү күндө анын 3 чакырымын орнотуп бүтүштү.  Жалал-Абад шаарынын ичиндеги  эскилиги жеткен, жарамдуулук мөөнөтүн өтөп бүткөн аба чубалгылары алмаштырылды. Мындан тышкары  алдыда 3,5 чакырым аба чубалгылар алмаштырылат.  
  
-СИП зымдардын өзгөчө артыкчылыгы табигый факторлорго дуушар болбойт.
 -Катуу шамал болгондо зымдардын кыска туташууларына жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. -Изоляцияланган зымдар кардын жабышып калышына жол бербейт.  
Мындай жумуштар Жалал-Абад ЭТИнин бардык РЭТтеринде кызуу жүрүүдө.