Колл - борбор: 105,

Жалал-Абад облусунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна тоскоол болгон электр тармактары жылдырылууда

8 Октябрь 2026 ж.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу — өлкөнүн транспорттук жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган стратегиялык долбоорлордун бири. Анын ийгиликтүү ишке ашышында энергетика тармагынын да орду чоң.

Курулуш иштери үзгүлтүксүз жүрүшү үчүн электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо зарыл. Тоннелдерди казуу, көпүрөлөрдү куруу, атайын техникаларды иштетүү, өндүрүштүк базалардын жана курулуш объектилеринин ишин камсыз кылуу — баары туруктуу электр энергиясын талап кылат.

Бүгүнкү күндө «КУЭТ» ААК филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан долбоордун алкагында жалпысынан 9 пикет боюнча электр тармактарына өзгөртүү киргизүү каралган. Анын ичинен 8 пикет боюнча иштер тендер аркылуу аткарылууда. Тендердин жыйынтыгында жеңүүчү компаниялар аныкталып, келишимдер түзүлүп, бүгүнкү күндө практикалык иштер башталды.

Азыркы учурда темир жолдун курулушуна тоскоол болгон Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таран-Базар айылында жайгашкан "Районная - Водозабор -1", "Районная - Водозабор -2" 35 кВ эки чынжырлуу электр аба чубалгысынын 208-223-мамычага чейин демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары Көк-Арт район электр тармактары жана Сузак район электр тармактарынын аймагындагы темир жолдун курулушуна тоскоол болгон 0,4-10 кВ аба чубалгылары боюнча иштер аткарууга алынды.
10:02