Колл - борбор: 105,

Жалал-Абад облусунда 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

19 Январь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, туруктуу тейлөө боюнча тапшырмасынын негизинде “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан бир катар ири иштер аткарылды. Анын алкагында облус боюнча 7 көмөк чордондун күч трансформаторлорунун кубаттуулугу жогорулатылды.

Кубаттуулугу жогорулатылган көмөк чордондор:

110/35/10 кВ Базар-Коргон - 16 МВАдан 40 МВАга;

110/10 кВ Барпы –10 МВАдан 16 МВАга;

110/35/6 кВ Шамалды-Сай –10 МВАдан - 16МВАга; 15 МВАдан 16 МВАга;

110/10 кВ Громадина –6,3 МВАдан 10 МВАга;

35/10 кВ Комсомол – 10 МВАдан 16 МВАга;

35/10 кВ Бекен – 4 МВАдан 10 МВАга;

35/10 кВ Дзержинский – 2,5 МВАдан 4 МВАга;

 Мындан тышкары 2026- жылга коюлган планга ылайык, 5 көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу пландалууда.

Кубаттуулук жогорулатуу иштери каскаддык ыкма менен аткарылып, тармактын ишенимдүүлүгүн күчөтүүгө жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталды.

Бул иштер Жалал-Абад облусундагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоону бекемдөөгө багытталган. Акыркы жылдары жаңы турак жайлардын, өндүрүш жана социалдык объектилердин көбөйүшүнө байланыштуу жүктөм өсүп, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу зарыл болуп келген.

 Натыйжада Жалал-Абад облусунун электр тармагынын туруктуулугу жогорулап, калкка жана ишканаларга электр энергиясы сапаттуу жана үзгүлтүксүз жеткирилет.