Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад облусунда 2026 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өттү

18 Август 2025 ж.

Энергетика министрлигинин алдыдагы 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү боюнча коюлган тапшырмасына ылайык “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 0,4-6-10 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарында жумуштар мерчемделген планга ылайык жүргүзүлүүдө.

Алсак, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 12 район электр тармактарында азыркы күнгө чейинки жасалган жумуштардын көлөмү 70 пайызды түзөт. Жалал-Абад облусу боюнча 359 даана трансформатор жана 369,82 чакырым 6-10 кВ аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн өттү. Алар: -Ала-Бука РЭТи - 31,8 чакырым аба чубалгы, 44 даана трансформатор; -Аксы РЭТи -40,7 чакырым аба чубалгы, 36 даана трансформатор; -Базар-Коргон РЭТи - 38,8 чакырым аба чубалгы, 40 даана трансформатор; -Жалал-Абад РЭТи - 27,8 чакырым аба чубалгы, 17даана трансформатор; -Кара-Көл РЭТи - 12,0 чакырым аба чубалгы, 14 даана трансформатор; -Көк-Арт РЭТи - 23,0 чакырым аба чубалгы, 36 даана трансформатор; -Майлуу-Суу РЭТи - 6,7 чакырым аба чубалгы,8 даана трансформатор; -Ноокен РЭТи - 92,4 чакырым аба чубалгы, 29 даана трансформатор; -Сузак РЭТи - 47,2 чакырым аба чубалгы, 53 даана трансформатор; -Таш-Көмүр РЭТи - 7,0 чакырым аба чубалгы, 25 даана трансформатор; -Токтогул РЭТи - 43,3 чакырым аба чубалгы, 49 даана трансформатор; -Чаткал РЭТи - 8 даана трансформатор; Алдыда ноябрь айына чейин 213 даана трансформатор, 170,18 чакырым 6-10 кВ аба чубалгы оңдоодон өткөрүлөт. Мындан тышкары облустагы баардык район электр тармактарынын аткарган жумуштарынын жыйынтыгында бүгүнкү күндө 2026 даана трансформатор жана 4180,82 чакырым 0,4-6,10 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Дагы алдыда күз айларына чейин 1273 даана трансформатор, 2546,9 чакырым 0,4-6-10 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.