Жалал - Абад электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалууда аба чубалгылар кызматынын карамагында жалпы 35/110/220/500кВ чыңалуудагы 2715,85 чакырым7 аба чубалгысы бар.
Быйыл 2025 - жылдын иш планына ылайык жогорку чыңалуудагы аба чубалгы кызматы тарабынан 2025 - 2026 - жылдагы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында Жалал - Абад облусундагы 121 чакырым аба чубалгы утурумдук оңдоодон өткөрүлдү.
Андан сырткары жалпы 810,2 чакырым аба чубалгы планда каралган болсо, анын ичинен: - 660 чакырым аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери аткарылат. - 32, чакырым капиталдык оңдоп- түзөөдөн өтөт; - 30 м аба чубалгы суу ташкынынан коргоо иш чарасы аткарылат; - аба чубалгыларга баруучу 88 чакырым аралык жолдор оңдолот; - 35кВ 4,5 чакырым аба чубалгы жаңы курулат.
Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат.
Жалал - Абад электр тармактар ишканасы Жалал - Абад облусу боюнча жалпы 260 000 абонентти элекр энергиясы менен тейлейт.