Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-2026-жылдардагы күз - кыш мезгилине сапаттуу жана ишенимдүү даярдык көрүү тапшырмасына ылайык “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын изоляция кызматы 2025 - жыл ичинде 112 көмөк чордонду профилактикалык сыноодон өткөрөт.
Алар:
- 35кВ - 500кВ 150 даана оодаргыч;
- 140 даана агын трансформатору;
- 110 даана чыңалуудагы трансформатор;
- 130 даана өчүргүч;
Азыркы күнгө чейин жогоруда аталган жумуштардын 70 пайызы аткарылды.
Бул иштерди өз учурунда аткаруу менен электр жабдууларын үзгүлтүксүз иштетүү үчүн алдын ала профилактикалык сыноолорду жүргүзүү жана коопсуздук чараларын камсыз кылууну изолияция кызматы жүргүзөт.
Ал эми 500-220-110 кВ чыңалуудагы 16 аба чубалгысы 2025-жыл ичинде тепловизиондук көзөмөлдөн өтүүсү пландалган.
Бүгүнкү күндө анын 6 аба чубалгысы текшерүүдөн өткөрүлдү.
Алар :
- “Шамалды-Сай - Кристалл” 220кВ аба чубалгысы;
- “Кристалл - Юлдуз” 220 кВ аба чубалгыс
- “Кристалл - Караван” 110кВ аба чубалгысы;
- “Үч-Коргон ГЭС - Таш- Көмүр” 110кВ аба чубалгысы;
- “Ала-Бука - Караван” 110кВ аба чубалгысы;
- “Шекафтар - Сардар” 35кВ аба чубалгысы;
Калган аба чубалгылар ушул жылдын ноябрь айына чейин мерчемделген планга ылайык өз мөөнөтүндө аткарылат. Мындан тышкары 500/220/110/35 кВ деңгээлиндеги көмөк чордондор жылына эки жолу тепловизиондук көзөмөлдөн өткөрүлөт