Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын коррупцияга каршы комиссия мүчөлөрү мамлекеттик деңгээлде коррупциялык аракеттерге каршы саясат жүргүзү жатат

30 Сентябрь 2024 ж.

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын коррупцияга каршы комиссия мүчөлөрү мамлекеттик деңгээлде коррупциялык аракеттерге каршы саясат жүргүзү жатат. Президенттин демилгесин колдоо менен коррупцияга каршы багыттагы өлкөдөгү бардык мамлекеттик, муниципалдык, укук коргоо жана башка мекемелерде такай иш алып барууну күчөтүү талабы коюлган.
Бул багытта Жалал-Абад электр тармактар ишканасында тийиштүү иш аракеттерди алып баруу колго алынган.
 
“КУЭТ” ААК тарабынан 2023-2025-жылдарда коррупцияга қаршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жөнүндө стратегиялак аракеттер планы “Кыргызстан УЭТ” ААКнын 01.12.2023-жылдагы № 811 буйругу менен бекитилген.
 
Аталган стратегиялык аракеттер планында бир топ аткаруу жана жүргүзүү иштери аткарууга алынган. Бул боюнча Жалал-Абад ЭТИ тарабынан 12.12.2023-жылы № 1087-буйругу менен коррупцияга каршы аракеттенүү саясатын ишке ашыруу боюнча 16 кызматкеринен турган коммиссия курамы бекитилген. Алардын ар бир мүчөсүнүн аткара турган иш- аракеттери көрсөтүлүп, 2023-2024-жылына иш-чаралар (план мероприятий) бекитилип, бардык мучөлөрүнө жана РЭТ, ЭС жиберилген.
 
Учурда Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын бардык бөлүмдөрүндө, кызматтарында коррупциялык көрүнүштөр боюнча эч кандай мыйзам бузуулар, кайрылуулар катталган эмес. Кызматкерлер тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүнүктөрү кеңири деп айта алабыз дейт комиссия мүчөлөрү.