Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад ЭТИнин Көк-Арт райондук электр тармактар ишканасында күз –кыш мезгилине даярдык уланууда.

25 Сентябрь 2023 ж.

35/10 кВ "Жоон-Күнгөй" көмөк чордонунан чыккан 10 кВ Сары-Булак аба чубалгысынын эскилиги жеткен 5 даана жыгач мамычаларын темир бетон мамычага алмашты, бул аба чубалгы Кара-Алма, Катыраңкы айылдарын электр энергиясы менен камсыздайт. Мындай эмгектерге жергиликтүүлөр ыраазы. Анткени 50-60 жыл мурда курулган мамычалар чирип жок болуп калган. Алар кайсыл бир күнү айыл калкын караңгыга калтырмак дешет. Мында жалпысынан 18 трансформатор 607 абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.
🔸Капиталдык куруу планында каралган 0,9 чакырым 10 кВ аба чубалгы жана 0,4 кВ аба чубалгыдан 0,3 чакырым каралган болсо бүгүнкү күндө толугу менен курулуп бүткөрүлдү.
Көк-Арт РЭТинин башка аймактарында дагы ремонтоо жумуштары уланууда. Алсак,оңдоп-түзөө жумуштары, трансформаторлордун капиталдык ремонттору, аба –чубалгыларга тоскоол болгон бак- дарактарды кыюу иштери жүрүп жатат.