Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад ЭТИде кыргыз тил майрамы белгиленди

23 Сентябрь 2024 ж.

Жалал-Абад ЭТИде кыргыз тил майрамы белгиленди

Бүгүн Жалал-Абад электр тармактар ишканасында "Б.Осмонов" атындагы ЖАМУнун профессору, ф.и.д Кубанычбек Калчакеев менен энергетиктердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кубанычбек Калчакеев кыргыз тилин боюнча баяндама жасап, азыркы учурда жаңы сөздөрдүн пайда болушу көөнөргөн сөздөрдү алмаштырып жатканы өсүп келаткан муун кыргыз тилиндеги көптөгөн сөздөрдү билбей жатканына токтолду. Ошондой эле үй-бүлөдө, коомдук жайларда улуулар өрнөк болуп, кыргызча сүйлөөсү керектигин баса белгиледи. Ар бир жаран патриот болсо -кыргыз тилине болгон салым дейт окумуштуу өз сөзүндө.

Жолугушуу суроо- жооптор, көркөм окуу, макал-ылакап айтуу менен коштолду.

Белгилей кетсек,1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. 

Майрамыңыздар менен!!!