Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад ЭТИде 91 кызматкердин дасыгы жогорулатылды

2 Декабрь 2024 ж.

Өткөн жума ичинде “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын окуу борбору аркылуу бардык РЭТтерден келген 91 кызматкер окутулса, алардын 70и электр эпкерлер, 21и тескөөчүлөр.
 
Окуу өндүрүштөн ажыратып, 72 саатка мерчемделген. Энергетиктердин электр жабдыктары менен иштөөдөгү техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо, өрт кырсыктарын болтурбоо боюнча билим деңгээли жогорулатылды.
 
Мындай окутуулар жыл сайын өткөрүлүп келет.Алсак, план боюнча жыл башынан бери ишкананын кызматтык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өндүрүштөн ажыратпай 31 тайпада 301 кызматкер, ал эми бардык район электр тармактарында 840 кызматкер окутулду.