Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад ЭТИде 5 имарат жаңы курулуп, 4 имарат оңдоп - түзөөдөн өтөт

27 Январь 2025 ж.

Жалал - Абад электр тармактар ишканасында 2025-жылга карата 5 райондук административдик имаратын куруу пландалууда. Алар Чаткал, Майлуу-Суу РЭТтеринин жана  Ала-Букадагы Сумсар УЭТинин имараты, Аксы РЭТинин трансформаторлорду оңдоо цехинин имараты жана 110/ 35/10 Ала- Бука көмөк чордонунда көмөк чордондор кызматынын жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматынын кызматкерлерине жаңы имарат курулат.

Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи шаарчасында  110/35/10 кВ " Дача " көмөк чордонун куруу пландалса, Көк-Арт, Сузак, Жалал-Абад, Ноокен РЭТтеринин имараттары капиталдык  оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Пландоо иштерине чейин Жалал-Абад ЭТИнин тийиштүү кызматтары жана жетекчилик тараптан мониторинг жүргүзүлүп, эскилиги жеткен имараттарды оңдоо, кызматкерлерге жана керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт жаратуу жагы жолго коюлган. 

Өткөн жылы 3 даана  имарат жаңы курулса, 3 даана имарат оңдоп - түзөөдөн өткөн.

Ар бир жасалып жаткан жумуштар керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө багытталат.