Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад электр тармактарында “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө иш чара өткөрүлдү

17 Февраль 2025 ж.

Бүгүн, "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасында кызматкерлер арасында  “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө иш чара болуп өттү.

Ишкананын кызматкерлерине бул жарлыктын терең маанисин, жоболору боюнча түшүндүрүлүп, 
калкка кенен жайылтуу  боюнча ар бир бөлүм башчыларына, райондук ишкананын жетекчилерине тапшырмалар коюлду. 

Ошону менен бирге 3000 жылдык тарыхы бар, улуу “Манас” эпосунда даңазалаган элибиздин бирдиктүүлүгү, улуу баалуулуктары, карманган салттары, тили маданияты менен улуттук нарктарын унутпоого чакырган уңгужол жарлыгынын принциптери ишканада колдонулуп, келечекке ишеним арттырган идеяга бай инсандар түзсүн, бул уңгу жолдун негизги баалуулуктары деп белгилейт ишкананы жетекчиси Сүйүнбек Усенов.

Иш чара 2024-жылдын 18-декабры ПЖ №369 Кыргыз Республикасынын Прездентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү жарлыгына багытталды.

КР Президентинин «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгы