Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жетекчилери Кара-Көл жана Таш -Көмүр РЭТине иш сапары менен барды. Иш сапарда ЖЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов жумуш ыргагында энергетиктерди кемчиликтерди кетирбөөгө чакырды.
3 Октябрь 2023 ж.
ЖЭТИнин директору жана тийиштүү жетекчилер 2 күндүк иш сапарында Кара -Көл район электр тармактар ишканасынын күз-кышка даярдыгы менен таанышты
Эмгек жамаат менен пикир алышып, кампада электр жабдыктардын запасын карап чыгышты.Ошондой эле 110-6 кВ Кайыңды жана Кара-Суу көмөк чордондун күз -кышка даярдыгын дыкат текшеришти.
Андан соң Таш -Көмүр район электр тармактар ишканасында болушту. Мында «Камбар-Ата» көмөк чордонунан 16000 кВА күч трансформатору келди.Аны Шамалды-Сай 110/35-6 көмөк чордонуна түшүрүп, келерки жылы ишке киргизүү пландалды. Ошондой эле Таш -Көмүр РЭТинде күз -кышка болгон даярдыгы боюнча маалымат алышты.
Иш сапарда ЖЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов жумуш ыргагында энергетиктерди кемчиликтерди кетирбөөгө чакырды. Керектөөчүлөрдүн муктаждыгын учурунда чечип, эл менен тыгыз иштөөсүн талап кылды.
Күн-түн дебей эмгектенип жаткан энергетиктердин кызматы эл үчүн!!!