Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

12 Декабрь 2023 ж.

Кардын калың жаашынан Көк -Арт өрөөнүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады
 
Бүгүн 12-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк -Арт өрөөнүндө кардын калың жаашынан электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.
 
Эртең менен саат 07.00 дөн тартып Көк -Арт район электр тармактарынын кызматкерлери ар бир мамычаны текшерип, аба чубалгыларды карап, үзүлгөн зымдарын таап, улап жатышат.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын эмгек жааматы мындай кырдаалда ыкчам иш алып барууда.Күндүн сууктугуна карабай, карды жиреп иштеп жаткан энергетиктердин максаты - калкты электр жарыгы менен камсыз кылуу.
 
Урматтуу абоненттер! Жалал- Абад электр тармактар ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.
 
Бул табигаттын кубулушун кол менен жасоого мүмкүн эмес. Андыктан түшүнүү менен кабыл алыңыздар!