Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп Усенов Сүйүнбек дайындалды

29 Июнь 2023 ж.

Директорлор кеңешинин чечими менен, Жалал-Абад электр тармагы ишканасынын директору болуп  Сүйүнбек Усенов  дайындалды. 29-июнь күнү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков жаңы дайындалган директорду жамаатка тааныштырды.

Ал бул убакытка чейин, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп иштеп турган.

Ал эми аталган ишкананын директору Азамат Паизов башка жумушка которулду. 

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында  1885 кызматкер иштейт, жалпы облус боюнча  253 073 абонент бар.