Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында, Релелик коргоо жана автоматика жергиликтүү кызматынын семинары жыйынтыкталды

21 Июнь 2023 ж.

РТМ, РТВ релелеринин ушул түрү чыкпай калгандыгына байланыштуу, алардын ордун толуктоо, заманбап жабдууларды алуу жана башка жолдорун кароо. 
Эскилиги жеткен релелик жабдууларды кайрадан калыбына келтирүү жана модернизациялоо тууралуу талкуулар болду.
Эки компаниялардын бириккенден кийинки, оңдоп-түзөө жумуштарынын эффективдүү алып баруу үчүн, релелик кызматы оптимизация жумуштарын ирээттүү жүргүзүү
Техникалык тапшырманы түзүүдө СТО-56947007-29.120.70.241-2017 стандартын колдонуу, техникалык жактан камсыздоо, жумуштан сырткары өндүрүштүк окуу пландарын түзүү сыяктуу окутуулар өткөрүлдү
Андан соң, адистер 220-110-35 кВ «Төрөбаев», 500кВ «Датка» көмөк чордондоруна барып, релелик жана автоматика тетиктеринин иштөө ыргактары менен таанышышты.
Семинардын катышуучулары, жыйынтыгында чогулуп 3 күндүк талкуудан соң келечекте аткарыла турган иш-пландарын түзүп, Протокол кабыл алышты.
Мисалы, Покровка, Чат-Базар, Таш-Булак көмөк чордондордогу, авариялык кырдаалды каттоону натыйжалуу пайдалануу маселесин кайрадан карап чыгуу
Бизнес-пландарды түзүүдө, толук номенклатура менен керектүү релелердин тизмесин кароо. 
Көмөк чордондордун документтеринин архивин системалаштыруу
Релелик коргоо жана автоматика түзмөктөрүн, эксплуатациялоо программаларын автоматташтыруу, пландаштыруу жана оңдоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө.
Семинар жемиштүү болду.