Жалал-Абад электр тармактар ишканасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө
31 Июль 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика тармагында ачык-айкындуулукту камсыздоо, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча тапшырмаларынын алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасында коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы иштер системалуу негизде жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө ишкананын бардык район электр тармактарында (РЭТтерде) коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери, жыйындар жана кызматкерлер менен жолугушуулар уюштурулуп жатат. Алсак, мамлекеттик жана корпоративдик этика, кызматтык милдеттерди ак ниет аткаруу, кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө, ошондой эле коррупциялык укук бузуулардын жоопкерчилиги боюнча кеңири маалыматтар берилүүдө.
Мындан тышкары, кызматкерлер арасында коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү, ички көзөмөлдү күчөтүү жана жарандардын кайрылууларын ачык-айкын кароо маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Бул иш-чаралар энергетика тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн ишенимин бекемдөөгө жана ишкананын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту камсыздоого багытталган. Жалал-Абад электр тармактар ишканасы коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карап, бул багыттагы иштерди бардык РЭТтерде мындан ары да ырааттуу улантат.