Жалал-Абад электр тармактар ишканасында ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматынын семинар өттү
26 Март 2026 ж.
Энергетика министрлигинин кызматкерлердин эмгек процессинде коопсуздук чараларын сактоо талабына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Жалал-Абад электр тармактар ишканасында Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматы тарабынан уюштурулган семинар өткөрүлдү.
Иш-чара Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтүп, бардык РЭТтердин, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда башталды. Жыйынды ишкананын директору С. Усенов ачып, ар бир кызматкерди жумушту баштоодо коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды. Ошондой эле практикалык сабактардан алынган тажрыйбаларды өз бөлүмдөрүндө жана РЭТтерде натыйжалуу пайдаланууну белгиледи.
Семинардын жүрүшүндө Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматы тарабынан эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана персонал менен иштөө багыттары боюнча докладдар окулду. Анда жумуш орундарында күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мааниси жана 0,4–500 кВ чейинки аба чубалгыларында, көмөк чордондордо жумушту коопсуз аткаруу талаптары өзгөчө белгиленди.
Семинардын алкагында кызматкерлерге электр тармагындагы заманбап технологиялар боюнча теориялык жана практикалык билимдер берилди. Практикалык бөлүгү Базар-Коргон РЭТинин атайын машыгуу-окутуу полигонунда өткөрүлдү.
Атап айтканда:
- релелик коргоо жана автоматика боюнча заманбап жабдуулар;
- СИП аба чубалгыларын орнотуу;
- көмөк чордондордо коопсуз иш жүргүзүү;
- акылдуу эсептегичтерди колдонуу;
- диспетчердик ишмердүүлүк
боюнча кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары, 500/220/35 кВ «Датка» көмөк чордону боюнча кеңири маалымат сунушталып, анын иштөө схемасы, жабдуулары жана санариптик тейлөө мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү. Катышуучулар объект менен жеринде таанышышты.
Семинардын жыйынтыгында коопсуздук эрежелерин так сактап, ишинде жогорку жоопкерчиликти көрсөткөн кызматкерлерге Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Мындай окуу-семинарлар адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүгө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, ишканада ай сайын бир жолу кызматкерлер менен иштөө күнү өткөрүлүп, жуманын ар шейшембиси техникалык коопсуздук күнү катары белгиленген. Ар бир жумуш коопсуздук боюнча милдеттүү нускама менен башталат.