2024-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 3 жаңы обьектинин ачылышына онлайн фоматында катышты.
Аталган обьектилерди ишке киргизүүгө КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Касымалиев старт берди.
Жаңы объектилерди ишке киргизүү менен энергетика тармагын жакшыртууга жана иштин алдыга карай жылышына шарт түзүлөт.
Жалал-Абад ЭТИнин ишке кирген жаңы обьектилери:
1.Аксы районунун Үч- Коргон айыл аймагында жайгашкан Таш-Көмүр район электр тармактарынын Кызыл-Жар бөлүмүнүн имараты бир кабаттан туруп, болжол менен 1980- жылдары курулган. Улам оңдоп- түзөөнү талап кылган имарат акыркы жылдары жараксыз абалга келип, санитардык нормаларга жооп бербей калган. Ал эми азыркы учурда заманбап имарат курулуп, энергетиктердин жумуш алып баруусу үчүн бардык шарттар жаралган. Имараттын курулушун «Ширин -Групп» жоопкерчилиги чектелген коому аткарып, 4060,0 млн. сом сарпталды.
Үч- Коргон айыл аймагынында 30 000 керектөөчү бар. Аларды ыңгайлуу тейлөө жагы жолго коюлган.
2.Ал эми Сузак районунун Кызыл -Туу айылында жайгашкан Сузак район электр тармактарынын Кызыл-Туу бөлүмүнүн имараты жаңыдан курулду. Анткени Кызыл-Туу УЭТинин сатуу бөлүмүнүн кызматкерлери ижарага алынган имаратта ишмердүүлүгүн жүргүзүү кыйынга турса, техникалык кызматкерлер да иштөө шарты жана санитардык нормалары жок имаратта жумушун токтотпой аткарып келишкен. Мындан улам жаңы имарат куруу муктаждыгы келип чыккан. Учурда бардык шарты каралган имарат бир кабаттан, 8 бөлмөдөн турат. Мындай мүмкүнчүлүк энергетиктерге да, керектөөчүлөргө да ыңгайлуулукту жаратат. Имаратты курууга 4050,0 млн. сом сарпталды жана куруу жумуштарын «Ширин-Групп» жоопкерчилиги чектелген коом аткарды.
Кызыл-Туу бөлүмү Кызыл-Туу жана Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 10 айылын электр энергиясы менен камсыздайт.
3.Ошондой эле, Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылына 35/10 кВ «С.Дүйшеев» көмөк чордону жаңы курулду. Анын курулуш муктаждыгы 110/10 кВ «Мырзажан» жана 35/10 кВ «Благовещенка» көмөк чордонунун трансформаторлорунун жүгүн жеңилдетүү максатын көздөйт.