Жалал -Абад электр тармактар ишканасында 2500 даана металл конструкциялары жасалат

22 Апрель 2024 ж.

Жалал -Абад электр тармактар ишканасында 2500 даана металл конструкциялары жасалат
 
 “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы- Жалал- Абад электр тармактар ишканасынын механикалык цехинде оңдоо жана техникалык тейлөөлөрдү аткаруу үчүн 2500 даана металл конструкциялары жасалат.
Мында 7 станок менен трансформатордун шкафы, эшиктери, тосмолор, койгучтар, ар түрдүү типтеги траверсалар жана мамычаларды бириктиргичтер жасалат.
 
Металл конструкциялары керектүү темир бурчтардан кыркылып ширетилип жасалып, ошондой эле цехте тегерек туюк темир таяктар кесилип, токардык станокто бурамалар жасалып, конструкцияларга камыттар даярдалат.
2024-жылдын март айынан тарта 20 трансформатордун шкафын жасоого жетишкен. Эгерде керектелүүчү материалдар жетиштүү болсо жумасына 5 шкаф жасоого мүмкүнчүлүгү болот.
 
Айта кетсек, механикалык цех өткөн жылы Жалал-Абад район электр тармактарынын короо жайында жайгашкан болсо, быйылкы жылы жаңы имаратта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Быйылкы жылы 2 млн. 204 миң сомго кесүүчү, кыркуучу жана ийүүчү 3 станок алуу алдында турат. Эгерде бул станоктор келип калса, механикалык цехтин ишмердүүлүгү дагы да жакшырат.