Бүгүн, 2025- жылдын 07-майында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Жалал -Абад электр тармактар ишканасына 8 даана жаңы автоунаанын ачкычын тапшырды.
Алар: “Chevrolet - Cobalt” үлгүдөгү 5 даана кызматтык унаа
1.Жалал-Абад РЭТине;
2.Ноокен РЭТине
3. Ала-Бука РЭТине;
4. Сузак РЭТине;
5. Көк-Арт РЭТине;
“JAC - T8” үлгүдөгү 2 даана бригадалык автоунаа:
6.Кара - Көл РЭТине;
7.Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын механизация жана автоунаа кызматына
8. “ISUZU - NPR 75L - K”үлгүдөгү бригадалык автоунаа Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын механизация жана автоунаа кызматына тапшырылды.
“КУЭТ” ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков өз сөзүндө керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого, оңдоо иштерин ыкчам, сапаттуу аткаруу менен бирге алган техникаларга аяр мамиле кылууга чакырды.
Бул техникалар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы тарабынан сатып алынган 54 даана техниканын алкагында бөлүнүп берилди.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиевдин, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин, “КУЭТ” ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбековдун катышуусу менен энергетика тармагына жаңы 54 даана техниканы тапшыруу иш-чарасы болуп өткөн.
Энергетика министрлиги жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында барандуу иш-аракеттер - калкты электр энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын автопаркында 2023- жылга чейин 226 даана автоунаа болсо акыркы 3 жылда алардын саны 52даанага өстү. Тетиктери сатыкта жок, эскилиги жеткен техникалар менен иштөө энергетикттер үчүн оңдоп- түзөөдө, ремонт иштеринде бир топ түйшүктү алып келген болсо, эми мындай мүмкүнчүлүк жана шарттын түзүлүп жатканын кызматкерлер кубануу менен кабылдашууда.