Колл - борбор: 105,

Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан облус аймагында 816 даана темир-бетон мамыча орнотулду

21 Июль 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү боюнча тапшырмасына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан бөлүштүрүүчү электр тармактарын жаңылоо жана эскилиги жеткен жыгач мамычаларды темир-бетон мамычаларга алмаштыруу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Жыл башынан бери облус аймагында жалпысынан 816 даана темир-бетон мамыча орнотулду. Анын ичинен 694 даанасы СВ-105-3,5, ал эми 122 даанасы СВ-95-2 үлгүсүндөгү темир-бетон мамычалар.

Райондор боюнча аткарылган иштер:

  • Аксы РЭТ – 91 даана;
  • Ала-Бука РЭТ – 33 даана;
  • Базар-Коргон РЭТ – 69 даана;
  • Манас РЭТ – 7 даана;
  • Кара-Көл РЭТ – 20 даана;
  • Көк-Арт РЭТ – 5 даана;
  • Майлуу-Суу РЭТ – 11 даана;
  • Ноокен РЭТ – 228 даана;
  • Сузак РЭТ – 182 даана;
  • Таш-Көмүр РЭТ – 41 даана;
  • Токтогул РЭТ – 124 даана;
  • Чаткал РЭТ – 5 даана.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2026-жылдын ноябрь айына чейин облус аймагында дагы 281 даана СВ-105 жана СВ-95 үлгүсүндөгү темир-бетон мамыча орнотулат.

Темир-бетон мамычаларды орнотуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга, ошондой эле керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.