Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад электр тармактар ишканасы алдыдагы күз-кыш мезгилине 60% даяр

28 Июль 2025 ж.

Энергетика министрлигинин реформасына ылайык “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 2025-2026-жылдагы күз- кыш мезгилине даярдыктар жүрүп жатат.

Капиталдык курулуш боюнча 7 имарат, 2 көмөк чордон курулат.

Алар:

1. Майлуу-Суу РЭТинин административдик имараты;

2. Чаткал РЭТинин административдик имараты;

3. Аксы РЭТинин трансформаторлорду кайра калыбына келтирүү цехи;

4. Ала-Бука РЭТинин Сумсар бөлүмүнүн имараты;

5. Ала-Бука жогорку чыңалуу кызматынын имараты;

6. Ала-Бука көмөк чордондор кызматынын имараты;

7. 110/35/10 кВ Бозбу көмөк чордонунда кезметчи электр эпкерине имарат салынып жатат.

Мындан тышкары 110/35/10 кВ “Дача” жана 110/35/10кВ “Тайгараев” көмөк чордону курулат. 220/110/35 кВ “Төрөбаев” көмөк чордонунда 125 МВА трансформатордун кубаттуулугун 200 МВА көтөрүү жумуштары жүрүп жатат.

Ал эми Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын карамагында 35 кВ жогорку 113 даана көмөк чордон болсо, анын 79унда капиталдык жана утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлдү. 35 - 500 кВ 136 чакырым аба чубалгы болсо анын 107 чакырымында октябрь айына чейин ремонт жумуштары аткарылды. Учурда 58 чакырымы оңдоп- түзөөдөн өттү.

Ошону менен катар 0,4-6-10 кВ аба чубалгы - 7267 чакырым пландалган болсо, 3650 чакырымы ремонттолуп, 3871 трансформатор пландалса, 1955 трансформатор оңдоп- түзөөдөн өткөрүлдү. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айына чейин калктын жыш жайгашкан же болбосо муктаждык жаралган аймактарда 34 даана трансформаторду жаңы орнотуу пландалган. Ар бир аткарылып жаткан жумуштар калкты сапаттуу жана ишенимдүү тейлөөгө багыттала