Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад электр энергиясын сатуу ишканасынын жаңы имаратынын ачылышы болду

6 Июль 2024 ж.

Кечээ Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т. Ибраев, “ Кыргызстан УЭТ” ААКнын башкы директору А. Рысбеков Жалал-Абад электр энергиясын сатуу ишканасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. 

Аталган ишкана 1960-жылдан  бери колдонулуп келгендиктен, эскилиги жетип, авариялык абалда болгон.  Мындан улам өткөн жылы  "КУЭТ” ААК тарабынан 10 млн 700 миң сом бөлүнүп берилип, оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө энергетика министри Т. Ибраев коомдо кандай гана өнүгүү болбосун ага энергетика тармагы таасир этерин, ар бир энергетик өз жумушун сапаттуу, жоопкерчилик менен алып баруусу кажет экенин баса белгиледи. Муну менен катар министр кызматкерлердин жаңы имараты менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. 

Ал эми Алтынбек Рысбеков кызматкерлерге шарт түзүлүшү, техникалардын алынышы, электр жабдуулардын жаңыланышы бардык облустук энергокомпаниялардын “КУЭТ” ААКга биригүүсү жана иштин ийгиликтүү жүрүшү менен түшүндүрдү. 

"Кыргызстан  УЭТ" ААКнын коммерциялык маселелер боюнча башкы директордун орун басары  Уларбек Дүйшө уулу санариптик тейлөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү боюнча баяндама жасады. Жолугушууга  катышкан калаа башчысы Эрнист Ормоков  күн - түн дебей элге жарык тартуулаган кесип ээлерине ийгилик каалады. 
  
Учурда абоненттерди  тейлөө, кызмат көрсөтүү жагы жакшырып, кызматкерлердин иш алып баруусуна шарт түзүлдү. Жалал-Абад электр энергиясын сатуу ишканасында 61 кызматкер эмгектенет. Карамагында 38 миңден ашуун абонент бар.

Мындан тышкары иш сапардын жүрүшүндө министр Сузак электр энергиясын сатуу  административдик имаратынын курулушу менен таанышып чыкты.

Курулушка 14 млн. 500 сом мерчемделип,  “Ширин Бизнес Групп” жоопкерчилиги чектелген коом менен 14 млн 700 миң сомго келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө курулуш жумуштары  жүрүп жатат. 
Энергетика министри жана “КУЭТ” ААКнын башкы директору курулуштун абалы менен таанышып чыкты. Министр бөлүнгөн каражатты туура пайдалануу менен бирге сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Эгерде имарат бүтүп калса, кызматкерлердин иштөөсүнө толук шарт жаралат жана  керектөөчүлөр ыңгайлуу төлөм жүргүзө алат. 

Министр жана башкы директор кыдыруунун аягында Жалал-Абад электр тармактарында оозго аларлык жумуштар бүткөрүлүп жатканын баса белгилешти. Ар бир иште Жалал-Абад ЭТИнин  директору  Сүйүнбек Усеновдун жоопкерчиликтүү иш алып барганын билдирди.