Колл - борбор: 105, 1209

Жалал-Абад - Андижан ГЭС" аба чубалгысында утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары Өзбекстан мамлекетинин энергетиктери менен кошо жүргүзүлдү.

28 Сентябрь 2023 ж.

 "Жалал-Абад - Андижан ГЭС" аба чубалгысында утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары Өзбекстан мамлекетинин энергетиктери менен кошо жүргүзүлдү
 
"Жалал-Абад -Андижан ГЭС" аба чубалгысында утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жогорку аба чубалгыларын тейлөө кызматы тарабынан аткарылды.
Алар 110 кВ «Сардар -Шекафтар» аба чубалгысын Өзбекстандын энергетиктери менен биргеликте карап чыгышты. Аба чубалгынын узундугу 38 чакырымды түзсө, анын 14чакырымы биздин аймагыбызда. Мында 322 даана изолятор алмаштырылды.
 
Андан сырткары зымдардын бириккен жерлериндеги байланыштарын бекемдөө, электр зымдардын үстүнөн текшерүү иштери жүргүзүлдү.
 
Белгилей кетсек, бул жумуштар коңшу өлкөнүн энергетиктери менен биргеликте аткарылды.