Колл - борбор: 105,

Токтогул РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдык 95 пайызга аткарылды

16 Октябрь 2026 ж.

Энергетика тармагындагы керектөөчүлөрдү сапаттуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо багытында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Токтогул район электр тармактарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери 95 пайызга аткарылды.

Алсак, 2026-жылга мерчемделген пландын негизинде Токтогул районунун Үч-Терек, Кызыл-Уран, Чоң-Арык жана Кара-Тектир айылдарында электр энергиясынын сапатын жогорулатуу максатында 4,9 чакырым СИП аба чубалгылары орнотулду.

Мындан тышкары, трансформаторлорду оңдоо боюнча жылдык планга 92 даана трансформатор киргизилген. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 10 даана трансформатор орнотуу иштери уланууда. 

Жүргүзүлгөн пландуу оңдоо жана алдын алуу иштеринин натыйжасында авариялык өчүүлөрдүн саны да азайган. Былтыркы жылга салыштырмалуу авариялык өчүүлөр 8 учурга аз катталган. Буга өткөн жылы оңдоо иштеринин 100 пайызга аткарылып, электр тармактарынын техникалык абалы жакшыртылганы себеп болууда.

Токтогул район электр тармактары район аймагындагы 19 миң 500 керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыздайт. Учурда абоненттерди заманбап эсепке алуу системасына өткөрүү багытында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. 

Бүгүнкү күнгө чейин дээрлик 11 миң эсептегич алмаштырылды, дагы 5 миңге жакын абоненттин эсептегичтерин алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле 500 даана темир-бетон электр мамысын орнотуу пландалып, учурда алардын 100гө жакынын орнотуу иштери уланууда.

Электр тармактарын оңдоо, жабдууларды жаңылоо жана электр мамыларын орнотуу боюнча иштердин жалпы аткарылышы бүгүнкү күндө 95 пайызды түзөт. 

Калган жумуштар 2026-жылдын октябрь айынын аягында аяктайт.
Токтогул РЭТинде жүргүзүлүп жаткан бул иштер электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртып гана тим болбостон, авариялык өчүүлөрдү азайтууга, электр энергиясынын сапатын жогорулатууга жана керектөөчүлөрдү кыш мезгилинде ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.