Колл - борбор: 105, 1209

Токтогул район электр тармактарында 199 трансформатор күз-кыш мезгилине даяр

23 Июль 2024 ж.

       Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Токтогул РЭТинин балансында  542 даана  трансформатор болсо, анын 429 даанасы  быйылкы жылга техникалык тейлөөдөн өткөрүү мерчемделген. Учурда анын 199 даанасы даяр болуп,  411 чакырым аба чубалгысын да техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.

      Ал эми  149 чакырым 10- 0,4 кВ аба чубалгысын оңдоп түзөө мерчемделсе, анын 49 чакырымы бүттү. Ошондой эле 35 даана эскилиги жеткен  жыгач мамычалар темир - бетон мамычаларга алмаштырылды. Мындан тышкары,  кайра келбеттөө  жумуштарынын алкагында  14,3 чакырым  10- 0,4 кВ аба чубалгысы алмашып,  361 мамыча орнотуу менен жаңы аба чубалгылары курулат.

     Муну менен катар  жергиликтүү айыл аймактар менен тыгыз байланышта иш алып барып, муктаж болгон айылдарда 537 даана темир - бетон мамыча орнотушту. Токтогул РЭТи 7 бөлүмдөн туруп, 19 189 керектөөчүнү тейлейт. Мында 147 кызматкер эмгектенет.

Ар бир жумуш алып баруу керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жасалууда. Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Жалал-Абад электр тармактарынын официалдуу сайтына https://jpes.nesk.kg/ru/ жайгаштырылат жана   “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет. Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча  суроолор болсо  колл-борборго кайрылыңыздар Колл-борбору : 105; 1209 Beeline:           +996 772 00 1209 MegaCom:     +996 556 00 1209 O! :                   +996 702 00 1209