Колл - борбор: 105, 1209

Токтогул 110/35/10 кВ көмөк чордонуна кошумча 2-кезектеги трансформатор орнотулду. Учурда монтаждоо жумуштары жүрүп жатат.

14 Октябрь 2023 ж.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Токтогул РЭТине караган Токтогул 110/35/10кВ көмөк чордонуна кошумча10 000кВА Т-2 трансформатор орнотулду
 
Учурда монтаждоо жумуштары жүрүп жатат.
Буга чейин иштеп жаткан Т-1 16 000кВА трансформатору 1968-жылы курулган.Керектөөчүлөрдүн саны жылдан –жылга өсүп бараткандыгына байланыштуу бул кубаттулук тартыш болуп, электр энергиясын көп пайдаланган мезгилдерде авариялык учур катталып келген.Бирок ошого карабастан Токтогул район электр тармактар ишканасы калкты электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздап келет.
 
Мындан 10 жыл мурун керектөөчүлөрдүн саны 15000ге жакын болсо, быйылкы жылы алардын саны 19112ге жеткен.Ал эми 2023- жылдын январь айынан бери1 92 абонент катталган.
 
Токтогул РЭТинде күз-кышка карата даярдыктар 95 пайызга бүтүп калды.Кызматкер тарабынан күндүн жылуусунда ыкчам жумуш жүрүүдө.Трансформаторлордун даярдыгы, аба чубалгылар дыкат текшерүүдөн, оңдоп- түзөөдөн, капиталдык ремонттон өттү.Райондо жалпысынан 783 трансформатор керектөөчүлөрдү тейлейт.