Т.Ибраев: Реформанын алкагында жаңы көмөк чордондор, имараттар курулуп, пайдаланууга берилүүдө
20 Июнь 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир топ алгылыктуу иштер жасалууда. Бул аракеттердин алдында керектөөчүлөргө жана энергетиктерге түзүлгөн шарттар арбын.
Энергетика министри Т.Ибраевдин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүү менен бир топ энергообьектилерин көрүп чыгып, кызматкерлер менен жыйын өткөрдү.
Алгач министр Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 2025-жылдагы иш планына киргизилип, учурда куруу жумуштары жүрүп жатакан Майлуу-Суу РЭТинин имараты менен таанышты. Белгилей кетсек, буга чейин Майлуу-Суу шаарынын энергетиктери өздөрүнүн имараты жок, бала-бакчага тиешелүү имаратты ижарага алып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкен.
Министр энергетиктер үчүн салынып жаткан имараттын тийиштүү жетекчилигине куруу иштерин август айынын соңуна чейин бүткөрүүнү тапшырды.Муну менен катар министр Т.Ибраев 220/110/10 кВ «Э.Төрөбаев» көмөк чордонуна барды. Мында кубаттуулугу 125 000 кВА болгон “АТДЦТН”үлгүдөгү автотрансформатору кубаттуулугу 200 000 кВА болгон Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган жаңы үлгүдөгү заманбап автотрансформаторго алмаштырылган.
Т.Ибраев күз айларына чейин жасалчуу жумуштарын угуп, кылдат, сапаттуу бүткөрүүнү тапшырма кылды.Иш сапардын жүрүшүндө министр 2025-жылга коюлган ар бир план өз убагында аткарылуусу керектигин тийиштүү жетекчилерге эскертти. Мындан тышкары ал 30 жылдан бери бир да жолу капиталдык ремонттон өткөрүлбөй, бүгүнкү күндө капиталдык оңдоп- түзөөдон өткөрүлүп жаткан Ноокен район электр тармактарынын имараты жана ошондой эле Жалал-Абад район электр тармагынын имараты боюнча жеринде маалымат алып, текшерип чыкты.
Жалал-Абад РЭТнин имараты 1994- жылы курулуп, 14 бөлмөдөн, 2 кабаттан турат. Ремон иштерине “Кыргызстан УЭТ” ААКы тарабынан 3 707 412 сом каражат бөлүнүп, " Азия Вей Групп" ЖЧКсы жумуш жүргүзүүдөМинистр Жалал-Абадка болгон иш-сапарынын соңунда Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.Анда ишкананын тийиштүү жетекчиси С.Усенов 2025-жылдын март айларынан бери аткарылган жумуштарды баяндап берди.
Министр кызматкерлер ортосунда жумуш ыргагындагы тоскоолдуктарды угуп, сунуштарын айтты. Жыйынтыгында энергетика министри жасалып жаткан жумуштар ырааттуу, пландын негизинде, так жана сапаттуу аткарылуусу керектигин жана аны көзөмөлгө алууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды.