Колл - борбор: 105, 1209

Т.Ибраев: Электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн энергетиктерге шарт түзүп берүү керек

6 Июль 2024 ж.

Кечээ күнү Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Базар-Коргон район электр тармактарынын  ондоп-түзөөдөн кийинки имаратынын ачылыш аземине катышты. 

Өткөн жылы министр иш сапар менен Базар-Коргонго барып, 1978-жылы салынган эски имаратта иштеген энергетиктердин абалын көргөн. Мындан улам министр “Кыргызстан УЭТ” ААКнын жетекчилигине тапшырма берип, 3 млн 300 миң сом бөлдүргөн. Бүгүнкү күндө бөлүнгөн каражаттын эсебинен имараттын ичи-сырты толугу менен ремонттон өттү. 

“Бүгүн дагы бир жакшы ишке күбө болуп турабыз. Кызматкерлердин ишине жагымдуу шарт түзүп берүү жетекчинин милдети. Эгер бардык шарты болсо кызматкер өз ишин так аткарат. Электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн энергетиктерге шарт түзүп берүү керек. Бүгүндөн баштап Базар-Коргон РЭТинин кызматкерлери таза, жаңы имаратта иш алып бара баштайт. Эми муну өз үйүңөрдөй көрүп пайдалангыла. Ишиңерге ийгилик каалайм” - деди министр Т. Ибраев. 

Мында  "Кыргызстан УЭТ" ААКнын  башкы директору Алтынбек Рысбековдун, Жалал-Абад  ЭТИнин директору Сүйүнбек Усеновдун эмгеги чоң. Ар бир жумушту тыкыр текшерип, заңгыраган сапаттуу заманбап имарат жаралды.

Айта кетчү жагдай, учурда Базар-Коргон РЭТинде 133 кызматкер иштейт. Техникалардын саны 16 даанага жетип, райондогу чоң ишканалардын бири болуп эсептелинет. 

Ал эми бүгүн аталган ишканага министрлик тарабынан эки унаа белек кылынды. Ошондой эле бир даана кесиптик унаа Чаткал район электр тармактарына тапшырылды.

Мындан тышкары министр  темир-бетон буюмдарын жасап чыгаруучу цехтин жана трансформаторлорду оңдоо цехинин ишмердүүлүгү менен таанышты. 
Темир-бетон буюмдарын жасап чыгаруучу цехте 2024-жылдын 6 айында жалпы 7,1 млн.сомдук буюмдар өндүрүлдү.  Анын ичинен СВ-95 тибиндеги мамычадан 446 даана, СВ-110 тибиндеги мамычадан 604 даана, 100 даана көмөк чордондордогу кабелдик каналдардын жапкычтары  жана 26 комплект 6-10/0,4 кВ трансформатордук пункттардын астына койгучтар жасалды. 

Трансформаторлорду оңдоо цехинде жылына 130-140 даанага чейин трансформатор оңдолууда. 2024-жылдын 6 айында 66 даана трансформатор жалпы 2,967 млн.сомго оңдолуп, план 100 пайызга аткарылды. Орто эсеп менен алганда 1 трансформаторго 45 миң сомго чейинки каражат жумшалууда.