️“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Таш-Көмүр район электр тармактары кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында 6/10-0,4 кВ электр зымдарын реконструкциялоо жана жаңы куруу иштерин аяктады.
️Реконструкциянын алкагында 9,9 чакырым 6/10-0,4 кВ чубалгыда эскирген алюминий зымдары жаңыланып, ошону менен бирге 248 даана эски жыгач мамычалар жаңы темир бетон мамычаларга алмашты.
Ал эми 172 даана жаңы темир- бетон мамычаларды орнотуу менен 6,3 чакырым 6/10-0,4 кВ аба чубалгы жаңыдан курулду.
️Мындан сырткары оңдоп- түзөөнүн алкагында 94,95 чакырым 6/10-0,4 кВ аба чубалгы оңдолуп, 82,96 чакырым 6/10-0,4 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өттү.
️Капиталдык курулуш планынын негизинде кошумча 2 даана трансформатор орнотулуп, 8 даана күч трансформаторлордун шкафтары жаңыланды. 37 даана трансформатор оңдоп- түзөөдөн, 180 даана транформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
️Белгилей кетсек, Таш-Көмүр район электр тармактарында 329 даана трансформатор болсо, анын 112 даанасы мекеме-уюмдардын, жеке менчик ишканалардын карамагында.
️Таш-Көмүр РЭТинин жетекчиси Мирлан Молдокулов, жаз алдынан тарта күзгө чейин ишканага тиешелүү пландаштырылган бардык электр жабдуулары кылдат, пландын негизинде жаңыланганын айтат. Алардын бир гана максаты керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздап, кыштан жакшы алып чыгуу экенин кошумчалайт.