Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн реформада, энергетика тармагын жаңылоого багытталган бир катар долбоорлор камтылган. Анын алкагында Сузак районунда СИП зымдарын тартуу, керектөөчүлөргө акылдуу эсептегичтерди коюу пилоттук программасын ишке ашыруу пландалган. "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак РЭТине быйылкы жылга 41,9 чакырым СИП аба чубалгысын тартуу мерчемделген болсо, азыркы тапта 10-0,4 кВ чыңалуудагы 8,1 чакырым СИП аба чубалгылары орнотулуп бүттү. Күзгө чейин дагы 34 чакырым орнотулат. Мындан тышкары пилоттук программанын негизинде Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы керектөөчүлөргө 13 656 даана акылдуу эсептегичти орнотуп бүттү. Жыл аягына чейин Кара-Дарыя, Кызыл-Туу, Барпы, Бекабат айылдарына 24 000 эсептегич орнотулат. Ал эми аталган программанын алкагында эскирген 184 даана жыгач мамычалары темир-бетон мамычаларына алмаштырылды. Жогорудагы көрсөтүлгөн СИП зымдарын алмаштыруу, акылдуу эсептегичти орнотуу, электр мамычаларды жаңылоо иштери Сузак районунундагы Благовещенка, Төш, Мундуз айылдарында жана Ак-Тилек жаңы конушунда жүргүзүлдү.