Колл - борбор: 105, 1209

Сузак районунун борборунан 83 чакырым алыста жайгашкан Канжыга айылына 87 даана темир-бетон мамыча орнотулду

14 Октябрь 2024 ж.

 “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Көк-Арт РЭТи Сузак районунун эң алыскы Канжыга айылында эскилиги жеткен 87 даана жыгач мамычаларды темир-бетон мамычага алмаштырды.

Эски жыгач мамычалар 1984- жылдары курулуп, аба чубалгылар токой аралап өткөндүктөн, кышында кар көп жааган учурларда же болбосо бороон- чапкын болгондо электр жарыгы өчүп, бир топ ыңгайсыздык жаратчу. Энергетиктер автоунаа бара албагандыктан үзүлгөн зымдарды жөө- жалаңдап, токой аралап карап чыгып, калыбына келтиришчү. Эми азыр жол жээктеп курулган мамычалар жогорудагы көйгөйдү азайтат.

 Көк-Арт район электр тармактары 110/35/10 “Урумбаш” көмөк чордонунан чыккан “Кызыл- Суу” фидеринен Канжыга айылына чейин 10 кВ 74 даана темир- бетон мамыча орнотуп, 2,2 чакырым аба чубалгы, ал эми 0,4 кВ 13 даана мамыча орнотуп, 400 метр СИП чубалгысын тартышты.

 Канжыга айылы Сузак районунун борборунан 83 чакырым аралыкта жайгашкан. Кышы оор келип, жайы салкын бул айылда 120 кожолук жашайт. Алар энергетиктердин кышкы түйшүгүн жакшы билгендиктен учурдагы жасалып жаткан жумуштарды кубануу менен кабыл алышууда.

 Көк-Арт РЭТи быйылкы жылга мерчемделген жумуштарды 90 пайызга аткарды. Калган жумуштар пландын негизинде ноябрь айына чейин жыйынтыкталат.

Кызматыбыз эл үчүн!