Сузак районунда жол жээгиндеги 21 мамыча жылдырылып, 1 чакырым аба чубалгы оңдоп - түзөөдөн өткөрүлөт
7 Апрель 2025 ж.
“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Жалал -Абад электр тармактар ишканасынын Сузак район электр тармактарында 2025 -2026 - жылдардын күз - кыш мезгилине карата ремонт иштери башталды. Мында 110/10 кВ “Барпы” көмөк чордонунан чыккан 10 кВ Комсомол фидеринде 1 даана трансформатор, 21 даана мамыча жылдырылып, 1чакырым аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Анткени Барпы айылында инфра түзүмдү жакшыртуу иш - чараларга ылайык Азимканов көчөсүндө жол кеңейтилгендиктен, жол жээгиндеги мамычалар 1,5 метр аралыкка жылдырылат.
Мындан тышкары Чөкө- Дөбө айылында керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында 2 трансформатор капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Ошондой эле 10 трансформатор жана 4,4 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысын оңдоп - түзөөдөн өткөрүү пландалган.
Жогоруда аталган жумуштар Сузак район электр тармактарынын 2025- 2026- жылдагы иш мерчеминин негизинде аткарылат. Ар бир жасалып жаткан жумуштар керектөөчүлөрдү күз - кыш мезгилинде сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууну көздөйт.