Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, “КУЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак район электр тармактары тарабынан Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылындагы Платина фидеринде 6,5 чакырым СИП (өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүч) зымдары тартылып, эски аба чубалгылары жаңыланууда.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2026-жылдын алгачкы 4 айында авариялык өчүүлөр 3 пайызга кыскарды. Бул көрсөткүч СИП өткөргүчтөрүн колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык кырдаалдарды азайтууга олуттуу таасир берип жатканын тастыктайт.
Ошондой эле 2025-жылы Сузак районунун Благовещенка айылындагы Таштемиров фидеринде 10 кВ чыңалуудагы 10,5 чакырым жана 0,4 кВ чыңалуудагы 17 чакырым СИП зымдары тартылып, акылдуу эсептегичтер орнотулган. Натыйжада, аталган аймакта өткөн жылы бир да авариялык өчүү катталган эмес жана техникалык жоготуулар да олуттуу кыскарган.
Бул иш-чаралар энергетика тармагындагы реформалардын ийгиликтүү ишке ашып жатканын көрсөтүп, калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзүүдө.