"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы быйылкы жылкы план боюнча районда жалпы 31504 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда
Анын ичинде бүгүнкү күндө райондо 1 фазалуу 3794 даана, 3 фазалуу 297 даана акылдуу эсептегич орнотту.
Ошондой эле акылдуу эсептегичтердеги маалыматты алып берүү үчүн трансформаторлорго 60 даана концентратор коюлду.
Жыл аягына чейин Сузак району боюнча керектөөчүүлөргө 1 фазалуу 27206 даана, 3 фазалуу 207 акылдуу эсептегич жана 650 даана концентратор орнотулат.
Энергетиктер ар бир керектөөчүгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, акылдуу эсептегичтин иштөө тартибин ыңгайлуулугун айтып берүүдө.
Ар бир үй жарык жана жылуу болсун! Жалал-Абад электр тармактар ишканасы ишенимдүү жеткирүүчү.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 00 1209
MegaCom: +996 556 00 1209
O! : +996 702 00 1209