Колл - борбор: 105, 1209

Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын  административдик имаратын ачуу аземи болду

30 Август 2024 ж.

Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын  административдик имаратын ачуу аземи болду 

Бүгүн, 2024-жылдын 30-августунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 обьектинин ачылуу аземи өлкө башчыбыздын онлайн катышуусунда болду. Алардын катарында  “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу  ишканасы да бар. 

Ачылыш аземге  “КУЭТ” ААКнын башкы директорунун орун басары Дүйшө уулу Уларбек, Жалал-Абад ЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов, Сузак айыл аймагынын башчысы Даирбек Бакиров, энергетиктер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышышты.  

Буга чейин  КРнын  энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактарына болгон иш сапарында Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имаратынын авариялык абалын көрүп, жаңы курууну тапшырма кылган болчу. 

 Натыйжада  КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Торобаевдин, “КУЭТ” ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбековдун, “КУЭТ” ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаевдин колдоосунда жана ЖЭТИнин директору Сүйүнбек Усеновдун  пландуу жумуш жүргүзгөндүгүнөн, заңгыраган заманбап имарат тургузулду. 

“КУЭТ” ААКнын башкы директорунун орун басары Дүйшө уулу Уларбек өз сөзүндө акыркы жылдардагы энергетика тармагындагы реформалардын жыйындысы зор көрсөткүч бергендигине токтолуп, Сузак районунун керектөөчүлөрүнө сапаттуу электр энергиясын берүүдө жакшы шарттар жаралып жаткандыгы  менен куттуктады. 

Ал эми Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов,- Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын баштапкы абалы начар болсо да жумуш ыргагы өз нугунда жүргөн. Эми кызматкерлерге түзүлгөн шарттар мыкты тейлөөгө өбөлгө болот. Мындай шарттарды түзүп,  алдыда күз- кыш айларына чейин бир топ имараттарды ачууга бел байлап турабыз дейт. 

 Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имараты эскилиги жетип, кызматкерлердин иштөөсүнө жана керектөөчүлөрдү тейлөөдө ыңгайсыздык жаратып келген. Анткени имарат бир кабаттан туруп, бөлмөлөрү  тар, дубалдары жараксыз абалга кептелген болчу. Улам жылдан жылга абоненттер көбөйүп, тар бөлмөдө  иштөөгө туура келген. Үстүбүздөгү жылдын капиталдык курулуш мерчемине киргизилип, авариялык абалдагы имарат толугу менен бузулуп, учурда жаңы салынды. 

Курулушка “КУЭТ” ААКнын өздүк эсебинен  14 млн. 500 миң сом каражат бөлүнгөн. “Ширин Бизнес Групп” жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзүлүп, сапаттуу курулуш бүттү. 
 
Жаңы имарат 2 кабаттан, 8 бөлмөдөн турат. Мында  кызматкерлердин иштөөсүнө да, керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөөдө да  ыңгайлуу шарт түзүлдү. 

Сузак электр  энергиясын сатуу ишканасы  Сузак районундагы 5 айыл өкмөттөгү 36 764 керектөөчүнү тейлейт. 


Белгилей кетсек, ишкананын административдик эски имараты  1950- жылы курулган. Сузак мамлекеттик администрациясынын балансында болуп, банк кызматы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.

 2001-жылдын 12-мартындагы № 12 буйругунун негизинде  “Жалал-Абадэлектро” ААКнын балансына өткөн. Ошол убакыттан бери энергетиктер жумушту үзгүлтүккө учуратпай, өз  ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.