"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Шамалды -Сай 110/35/6 көмөк чордонунда " ТДТГ" үлгүсүндөгү 10 000 кВА трансформатору " ТДТН" үлгүсүндөгү 16 000 кВА күч трансформаторго алмашты.
️ Аталган көмөк чордон 1959 - жылы ишке берилген. Ал эми "ТДТГ" үлгүсүндөгү 10 000 кВА трансформатор 2000 - жылы орнотулган. Ал убакыттан бери калктын саны кескин көбөюп, ошондой эле Аксы районунун насостук станциясы кубаттуу насосторду коюуусунан улам электр энергиясына болгон таңкыстык пайда болгон.
Шамалды -Сай 110/35/6 көмөк чордонунда 7 фидер бар. Мындан 5047 үй тиричилик, 625 үй тиричилик эмес керектөөчүлөр электр энергиясын алат.
Жасалып жаткан ар бир жумуш күз- кыш мезгилине карата жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталат. Аталган жумуш Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш кызматынын иш мерчеминин негизинде жүргүзүлдү