"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы Сере жайлоосунан өткөн 500 кВ "Токтогул ГЭС-Датка" аба чубалгысынын № 120 тирөөчүн кар көчкүдөн коргоо үчүн 150 даана габион коюшту. Андан сырткары № 119- тирөөч 11 даана габион менен бекемделди.
500 кВ "Токтогул ГЭС - Датка" аба чубалгысынын узундугу 80 чакырымды түзүп, 252 тирөөчтөн турат. Аба чубалгы тоо кыркалары менен өткөндүктөн, кээде автоунаа баралбаган участокторго энергетиктр жөө - жалаңдап, электр жабдыктарын көтөрүп алып барып иштөөгө туура келет. Мында кышында кар улуу жаагандыктан, кар көчкү
көп катталат.
Эми №119-120-тирөөчтөр кар көчкү түшүүсүнө, жаратылыш кубулуштарына толук туруштук бере алат. Мындай алдын - алуу иш аракеттери, тоо кыркаларындагы тирөөчтөрдү техникалык текшерүү, карап чыгуу жумуштары Жалал-Абад ЭТИде кылдат көзөмөлдөнөт. Анткени аталган чубалгы жабыркаса, Кыргызстандагы электр энергиясын жеткирүү шакекчесине тоскоолдук жаралмак.