Селден жабыркагандарга Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан 32 кызматкер жардамга барды

22 Апрель 2024 ж.

Селден жабыркагандарга Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан 32 кызматкер жардамга барды
 
 Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Насосная айылында сел жүрүп, 43 турак жай селден жабыркаган. Дагы канча үй-бүлө жабыркаганы адистер тарабынан такталууда.
 
Жалал- Абад электр тармактар ишканасынан 32 кызматкер жардамга тартылып, короо- жайга кирген сел калдыктарын тазалоо аракетинде.
 
 Сел кесепетинен электр жабдууларга, электр орнотмолорго, аба чубалгыларга залал келген эмес, учурда электр жарыгы үзгүлтүксуз берилүүдө.